Арал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачты
Кыргызстанда 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы паспорттор бериле баштайт
22.08.2025 | 11:34

Министрлер Кабинети Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы паспортторду киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге төрага Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, өлкөдө эки түрдөгү жаңы үлгүдөгү документ берилет:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы (ID-карта);
- Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
Мурда берилген 2024-жылкы ID-карталар жана 2023-жылкы жалпы жарандык паспорттор бланктар түгөнгөнчө колдонулат. Андан кийин жаңы үлгүдөгү документтерге өтүү башталат.
Ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы паспортторду жекелештирүү укугу берилди.
Рубрики: Жаңылыктар