Кыргызстандын шаарларын комплекстүү трансформациялоо: Санарип жана инфраструктураны бириктирүү

Быйыл, 2025-жылы Кыргызстандагы урбанизация деңгээли кыйла жогорулап, 42% га жетти. Бул эки жыл мурунку көрсөткүчтөн 7% га көп. Ал эми Бишкек Борбор Азиядагы “акылдуу шаар” инфраструктура элементтерин киргизүү боюнча пилоттук шаарлардын катарына кирди. Экономикалык өсүшкө жетүү жолунда шаарлар негизги таяныч болууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдында шаардык чөйрөнү түп-тамырынан өзгөртүү милдети турат. Бул жерде санариптештирүү маанилүү, бирок ал жалгыз компонент эмес. Өлкөнүн комплекстүү шаардык трансформациясы үчүн кандай чечимдер талап кылынат деген темада INTEGRA CITY компаниялар тобунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Павел Лоран Vesti.kg ге маек курду. Белгилүү болгондой, аталган эл аралык компания санариптик экосистемаларды жана акылдуу шаар технологияларын ишке ашырып келет. Адистин айтымында, мыкты шаардык трансформация комплекстүү мамилени, башкача айтканда, башкарууну терең санариптештирүүнү, физикалык инфраструктураны жаңылоо жана технологияларды физикалык объектилер менен айкалыштырган интеграцияланган чечимдерди түзүүнү талап кылат.
– Бүгүнкү күндө шаарларды толук жана системалуу өзгөртүү үчүн эмне керек деп ойлойсуз?
– Дал ошол шаарлар – калктын, инфраструктуранын жана ресурстардын топтолгон жерлери катары системалуу өзгөрүүлөрдү баштоо үчүн эң чоң потенциалга ээ.
Өзгөрүүлөрдүн негизинде реалдуу убакытта шаардык маалыматтарды иштеп чыга турган заманбап аналитикалык борборлорду түзүү шарт. Бул борборлор шаардык башкаруунун “мээси” болуп, транспорттон тартып турак жай-коммуналдык чарбага чейин бардык кызматтарды координациялап турушу керек.
Бирок алардын натыйжалуулугу түздөн-түз физикалык инфраструктуранын сапатына көз каранды. Ошондуктан, параллелдүү түрдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Алар: заманбап транспорттук жол түйүндөрүн куруу, динамикалык баалоо системасы бар төлөмдүү токтотмолорду киргизүү, унаа токтотмолорун түзүү, жол жабдууларын жаңылоо ж.б.
– Бул жолдо кандай кыйынчылыктар бар?
— Бүгүнкү күндө негизги кыйынчылык деп ведомстволор менен кызматтардын ортосунда координациянын жетишсиздигин айтар элем. Тажрыйба көрсөтүп тургандай, эң натыйжалуу чечим муниципалдык кызматтарды, транспорт операторлорун, коммуналдык ишканаларды жана санариптик платформаларды бириктирген бирдиктүү координациялык борборду түзүү. Мындай ыкма трансформациядагы фрагментардуулуктан арылып, шаардык мейкиндикти комплекстүү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

– Шаардык инфраструктураны трансформациялоонун негизги кыймылдаткычы эмне болушу мүмкүн?
— Ийгиликтин негизги шарты – бул стратегиялык өнөктөш-инвесторду тартуу. Ал долбоорду иштеп чыгуудан тартып, 10–15 жылдык узак мөөнөттүү эксплуатацияга чейинки толук циклди камсыз кылууга жөндөмдүү болушу керек. Ушундай фундаменталдуу ыкма гана өзгөрүүлөрдүн туруктуулугун, жергиликтүү компетенцияларды өнүктүрүүнү жана технологиялык чечимдерди үзгүлтүксүз жаңылоону кепилдейт.
– Шаарларды өнүктүрүүдө санариптик колдоо деген эмнени түшүндүрөт?
— Ар бир долбоорду иштеп чыгууда анын санариптик коштоосун милдеттүү түрдө эске алуу керек. Мисалы, төлөмдүү токтотмолор — навигация системасы менен интеграцияланган ыңгайлуу мобилдик тиркемелерди талап кылат. Жаңы транспорттук жол түйүндөрү — интеллектуалдык трафик башкаруу системаларын. Коомдук транспортту жаңылоо — логистика жана билеттер үчүн бирдиктүү платформаларды түзүү. Мындай комплекстүү ыкма бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө натыйжалуулугун далилдеген.
– Кыргызстандын азыркы шартында “акылдуу шаарларды” түзүү мүмкүнбү?
— Кыргызстанда “акылдуу шаарларды” түзүү шаардык инфраструктураны комплекстүү санариптик трансформациялоону талап кылат. Бул үчүн негиз катары заманбап телекоммуникациялык тармактар — оптикалык була жана маалымат борборлору, “акылдуу” энергетикалык тармактар менен интеграцияланган болушу шарт.
Негизги элемент — шаардын санариптик кош эгизин (digital twin) иштеп чыгуу болот. Бул транспорт агымдарын моделдөөгө, инфраструктурага жүктөмдү алдын ала аныктоого жана шаар куруу чечимдерин оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Транспорт системасына интеллектуалдык чечимдерди ыкчам киргизүү, адаптивдүү светофорлор, санариптик маалымат системалары жана айдоочулар үчүн мобилдик сервистер. Ошондой эле заманбап жол түйүндөрүн курууга жана асфальттоо боюнча инновациялык технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул жолдордун сапатын жакшыртып, тыгындарды азайтууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле коопсуздукту реалдуу убакытта аналитика жана автоматтык эскертүү системалары менен интеграцияланган видеокөзөмөл тутумдары камсыздайт. Муну энергияны үнөмдөгөн “акылдуу” жарыктандыруу менен айкалыштыруу керек. Параллелдүү түрдө мамлекеттик кызматтарды жана турак жай-коммуналдык кызматтарды санариптештирүүнү тездетүү, жарандар үчүн ыңгайлуу бирдиктүү платформаларды түзүү зарыл.
Бул чараларды ишке ашыруу технологияларды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу менен этап-этабы менен жүргүзүлүшү керек. Натыйжада, шаарлардын туруктуу өнүгүшүнө жана калктын жашоо сапатынын жогорулашына негиз түзүлөт.

– Кыргызстандагы шаардык трансформациянын келечеги канчалык ийгиликтүү?
— Кыргызстан ийгиликтүү трансформация үчүн бардык зарыл шарттарга ээ: саясий эрк, технологияга ыктаган жаш муун жана системалуу мамиленин маанисин түшүнүү. Мындай масштабдуу, узак мөөнөткө эсептелген программаларды ишке ашыруу заманбап, жашоого ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет деп айта алам. Бул жерде санариптик технологиялар максат эмес, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуучу курал катары кызмат кылат. Мындай натыйжа ага жетүү үчүн керектелген бардык аракеттерди актайт.
Комплекстүү шаардык трансформация — бул туш келди башталган демилгелердин жыйындысы эмес, санариптик чечимдер менен инфраструктуралык долбоорлор бирдиктүү экосистема катары иштеген ойлонулган стратегия. Кыргызстан буга чейин эле алгачкы кадамдарды жасаган. Бирок негизги өзгөрүүлөр алдыда: натыйжалуу “шаардык мээ борборлорун” түзүү, транспорттук жана инженердик тармактарды жаңылоо, кызматтарды ыңгайлуу санарип платформаларга интеграциялоо. Мындай ыкма шаар тургундарынын жашоо сапатын гана жогорулатпастан, шаарларды экономикалык өсүштүн, инвестиция жана инновация тартуунун борборлоруна айлантат. Эң башкысы — узак мөөнөттүү максатты сактоо жана аракеттерди системалуу түрдө жүргүзүү. Дал ушул ыкма технологиялык долбоорлорду өлкө үчүн туруктуу келечекке айлантат.