Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалды
Жарым жылда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 7 млрд долларды түздү
22.08.2025 | 13:32

Үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 7 млрд долларды түздү. Анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода 2,2 млрд долларды, ал эми өлкөлөр менен 4,8 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, импорттук түшүүлөр экспорттук жөнөтүүлөрдөн 5,7 эседен ашык болгон. Тактап айтканда, жарым жылда чет өлкөлөрдөн импорттолгон товарлардын көлөмү 5,95 млрд долларга жетсе, өлкөдөн тышка чыгарылган товарлардын көлөмү 1,05 млрд долларды түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика