Бишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын

22.08.2025 | 17:25

Кыргызстанга келген даражалуу коноктордон тартып, туристтерге чейин тосуп алган, Кыргызстандын борбору болгон Бишкектин көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу жол оңдоо иштеринен улам шаар тургундары жана коноктору күнүмдүк жашоодо кыйынчылыктарга туш болууда. Сааттап жол тыгында туруу жашоочулардын сабырын сынап жатканы факт. Сентябрда окуу жылы башталса, тыгын маселеси мындан да күчөөрү турган кеп. Эртең менен сабакка, кечинде үйүнө шашкан окуучулар менен студенттер кошулча кандай болорун элестетүү кыйын.  Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, борбордогу жол оңдоо иштерин октябрь айында бүтүрүү пландалган. Бирок дал ошол убакта бүтөөрү күмөн жаратат. «Reporter.kg» басылмасы бул ирет Бишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөрүнө саресеп салып көрөт.

Быйылкы жай Бишкектиктер үчүн жалаң гана тыгында туруу менен өтүп кеткендей сезилет. Себеби, жылда жай мезгилинде элдер айылдарга, окуучулар жайкы эс алууга чыкканына байланыштуу жолдор бошоп калчу. Быйыл андай болгон жок. Күнү-түнү дебей жолдордо тыгын болду. Буга бир четинен калаага эсеби жок алынып келип жаткан унаалардын көбөйүшү болсо, экинчи жагынан 20 жылдан бери жалаң гана жамалып келе жаткан жолдорду толугу менен оңдоо иштери менен байланыштуу болууда. Шаардын көпчүлүк көчөлөрү ремонт иштерине жабылса, айрымдарында бир тараптуу кыймылга гана уруксат берилгенине байланыштуу.

Жолдорду“Бишкекасфальтсервис” ишканасы жана бир нече жеке менчик ишканалар салып жатканы бегилүү. Жолдун сапатына капиталдык оңдоо жүргүзгөн подряддык уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, жол салган ишкана жолдун сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Кепилдик мөөнөттүн аралыгында жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, подряддык компания өз эсебинен калыбына келтирүүгө милдеттүү.

– Медеров көчөсү май айынын аягында оңдолуп бүттү. Бул көчөнүн ачылышы борбордук транспорттук агымды бир топ жеңилдетти.

– Жибек Жолу проспектисинин оңдолушу июлдун башында пландалган, бул проспект Бишкектин негизги магистралы катары чоң мааниге ээ.

– Дэн Сяопин проспектинин капиталдык оңдоо иштери 2025-жылдын ноябрь айында аяктайт. Геодезиялык изилдөөлөр жана жолду капиталдык оңдоого даярдоо иштери жүргүзүлүп, автоунаалардын кыймылынын бир нече тилкелери жабылган. Биринчи этапта Фучик көчөсүнөн Интергельпо тилкеси жана Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабы жабылган.

– Ауэзов көчөсү Анкара көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин, ошондой эле Ахунбаев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин оңдолууда.

– Токтоналиев көчөсү Масалиевден Дүйшеев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол жана тротуар бордюрлары, ирригациялык лотоктор жана түтүктөр орнотулууда.

Ал эми, Медеров көчөсү май айынын аягында, ал эми Жибек Жолу проспекти июлдун башында толук ачылган. Бул көчөлөрдүн ачылышы борбордук унаа агымын бир кыйла жеңилдетет. Бирок маселени толук чечкен жок.

Мэриянын маалыматында белгиленгендей, жолдорду оңдоп-түзөө иштери белгиленген убактан эрте аяктап жатат.  

Тыгындарга каршы кандай чаралар көрүлдү?

Бишкек мэриясы буга чейин тыгын маселесин чечүү максатында жумушчу топ түзгөн. Бул топ үч айдын ичинде тыгындын себептерин изилдеп, чет өлкөлүк тажрыйбаны карап, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышы керек эле. Тыгын күчөгөн учурларда товар жеткирүүнү чектөө сунушталып, бирок, социалдык маанилүү товарлар жана дары-дармектерге чектөө киргизилбей турганы айтылган.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаарда жалпы 70 базар, 35тен ашык соода борбору, 3 500 күркө жана 100 дарыкана бар. Бул пункттарга товар жеткирүүдө жолдо кошумча тыгын жаралышы мүмкүн.  

Мындан сырткары буга чейин 2 жыл мурда ЖОЖдун студенттерин жана мектеп окуучуларынын сабактарынын башталуусу 1 саатка жылдырылган. Бирок бул чара эч кандай натыйжа бербегени анык. Сабактардын жылдырылуусу тыгын маселесине эч кандай оң жыйынтык берген жок айтууга толук негиз бар.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек шаарынан экс вице-мэри Жамалбек Ырсалиев: “Октябрда оңдолуп жаткан жолдордун баарын бүтүрүшүбүз керек. Жол темасын жаап, башка жакшыртуу иштерине өтүшүбүз керек”, — деп тапшырма берген тиешелүү кызматтарга.

Жолдорду оңдоо иштеринин натыйжалуулугу ар түрдүү бөлүмдөрдүн ортосунда координацияга көз каранды. Мэрия комплекстүү көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып, уруксатсыз курулуштарга каршы чараларды көрүүнү шаардык кызматтарга тапшырган. Бирок азырынча мындан деле эч кандай жыйынтык байкала элек.

«Жаңы окуу жылы башталышына байланыштуу, көчөлөрдүн көпчүлүгү жумушчу пландын негизинде октябрь–ноябрь айларында толук ачылат деп күтүлүүдө. Бирок кыска мөөнөттүү тыгындар жана кыймыл чектөөлөрү жок эмес. Мэрия жолдо катуу тыгын жаралган учурда альтернативдүү маршруттарды пайдаланууну сунуш кылууда. Бул мектепке, бала бакчага жана жумушка бара жаткан тургундар үчүн өтө маанилүү, айрыкча окуу жылы башталышында унаа агымы көбөйгөн учурда»-деди мэриянын маалымат кызматы.

Бишкектеги жол оңдоо иштеринин максаты – шаарды комплекстүү жаңылоо жана узак мөөнөттүү инфраструктуралык туруктуулукту камсыздоо. Бирок учурдагы учурда тургундар сабырдуулукту сактоого, маршрутту алдын ала пландоого жана тыгындарга көнүүгө мажбур. Окуу жылынын башталышы менен байланышкан унаа агымы күчөгөн учурда, борбордук көчөлөрдөгү жана проспекттердеги тыгындар кыска мөөнөткө көбөйүшү мүмкүн. Бирок мэриянын маалыматына ылайык, көпчүлүк жолдор октябрь–ноябрь айларында толук ачылып, транспорттук агым жеңилдейт.

Рубрики: Коом, Макалалар
Scroll to Top