АКШ «Беш Көз» чалгын альянсына Украина боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалыматтарды берүүнү чектеди

АКШ Орусия менен Украина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөргө байланыштуу маалыматтарды «Беш Көз» (Five Eyes) чалгын альянсы менен бөлүшүүнү токтотту. Бул тууралуу CBC News АКШнын чалгын кызматындагы булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Улуттук чалгын кызматынын директору Тулси Габбард бир нече жума мурда мындай маалыматтарды АКШнын союздаш чалгын кызматтарына берүүгө тыюу салган директива кабыл алган. Ага ылайык, АКШнын чалгын кызматтары «Беш Көз» чалгын альянсындагы өнөктөштөрү менен Орусия менен Украина ортосундагы тынчтык сүйлөөшүлөр боюнча бардык маалыматтарды бербөөгө милдеттүү.
Белгилей кетсек, “Беш Көз” чалгын альянсы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн, ага АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия мүчөлүк кылат.