Улуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейтКыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыЭнергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек ОрунбековКыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыкты
Алматы — Ысык-Көл автоунаа жолу курулат
22.08.2025 | 16:46

Кыргызстан менен Казакстанды байланыштырган жаңы Алматы — Ысык-Көл автоунаа жолу курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
Өлкө башчысы эки тарап чек арада индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу долбооруна да өзгөчө көңүл бурганын айтты.
«Сүйлөшүүдө көптөгөн негизги маселелер боюнча көз караштарыбыз туура келип, бири-бирибиздин демилгелерибизди колдоп, аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого багытталган биргелешкен аракеттерибизди улантууга даярдыгыбызды билдирдик», — деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом