Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Кыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жетти
22.08.2025 | 22:00

Кыргызстандын туруктуу калкы 2025-жылдын 1-июлуна карата 7 млн 337 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында калк 55,6 миң адамга же 0,8%га көбөйгөн.
Негизги көрсөткүчтөр:
- Январь–июнь айларында 65 миң бала төрөлгөн. Бул 1000 адамга 17,9ду түзөт (2024-жылы 19,3 болгон).
- Ошол эле мезгилде 16,1 миң адам каза болгон — 1000 адамга 4,4 (2024-жылы 4,5).
- Калктын табигый өсүүсү 48,9 миң адамды түздү. Бул 1000 кишиге 13,5ке барабар (2024-жылы 14,8 болгон).
Региондор боюнча калктын эң жогорку табигый өсүшү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды.
Ал эми, эң төмөн көрсөткүч Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда байкалган.
Рубрики: Жаңылыктар