Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн банк кызматкерлеринин жыйыны өттү

Гулистондо КМШ өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоого арналган Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук банкынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, иш-чара Тажикстандын Улуттук банкынын окуу борборунда өткөн. Ага Кыргызстандын, Орусиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Тажикстандын борбордук банктарынын кызматкерлерин катышып, кеңештин ишинин жыйынтыктарын талкуулап, алдыдагы жылдарга артыкчылыктуу багыттарды аныкташкан.
Жыйында 2024-жылдагы окуу программасынын жыйынтыгы чыгарылып, анын алкагында борбордук банктардын адистери каржылык жөнгө салуунун актуалдуу маселелери боюнча терең билим алышканы белгиленген. Ошондой эле 2025-жылдын алгачкы алты айындагы иштин жыйынтыктары каралып, 2026-жылга иш-чаралар планы бекитилген.