Сооданын өсүшү жана КММ жеткирүү: Жапаров менен Путин Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүАтом жана санарип: Путин менен Пашинян ШКУ саммитинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүЧолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттүДаярдыктан «памперстерге» чейин: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ат шоусу кандайча даярдалган?
Ататүрк паркындагы реконструкция иштери башталат. Кандай өзгөрүүлөр болот?
25.08.2025 | 10:05

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы паркты реконструкциялоо долбоору менен таанышып, шаар тургундары менен жолугушту.
Мэриядан кабарлашкандай, Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы иштеп чыккан долбоорго ылайык, паркта төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болот:
- жаңы кире бериш топтор курулат;
- Ооган жоокерлерине арналган эстелик орнотулат;
- балдар жана спорт аянтчалары, сахна, иппотерапия аянтчасы уюштурулат;
- көлмө жана кароол аянтчалары пайда болот;
- 3 чакырым чуркоо жолу жана 3,6 чакырым велосипед жолу салынат;
- жалпы аянты 77 миң чарчы метрди түзгөн тротуарлар курулат;
- сугат системасы жана башка инфраструктуралык иштер жүргүзүлөт.
Айрым аймактарда коопсуз жана ыңгайлуу велосипед жолу үчүн санитардык тазалоо жүргүзүлөт. Бул учурда жапайы өскөн бадалдар жана авариялык дарактар гана алынат. Калган жашыл көчөттөр сакталып, иштер аяктагандан кийин компенсациялык негизде жаңы дарактар жана бадалдар тигилет.
Мэриянын маалыматына караганда, реконструкциянын негизги максаты — Ататүрк атындагы паркты шаар тургундары үчүн коопсуз, жашыл жана заманбап эс алуу жайына айландыруу.
Рубрики: Жаңылыктар