Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Ошто коомдук жайда жүзүн жаап жүргөн 22 жаранга айып пул салынды
25.08.2025 | 11:11

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап жүргөн жарандарга эскертүү берип, айрымдарына айып пул салууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын апрель айынан тарта бир канча рейддер өткөрүлгөн. Анда коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап жүргөн 140 жаранга эскертүүлөр берилген. Ал эми 22 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127¹-беренеси менен протоколдор түзүлүп, 20 миң сомдон айып пул салынган.
Ошондой эле учурда менен Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондорунун борборундагы чоң ЛЭД экрандарга коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга айып пул салынарын эскерткен видеороликтер коюлганы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом