Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси Алайда белгиленет
25.08.2025 | 11:00

Сентябрь айында Алай районунда Кокон хандыгынын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
23-августта Маданият министр Мирбек Мамбеталиев Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев менен биргеликте даярдыктардын жүрүшү менен таанышып, А.Мамытов атындагы стадиондо өтө турган салтанатка даярдык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, Алымбек датканын мааракеси жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын катарына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият