Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Кыргызстанда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экендиги айтылды
25.08.2025 | 11:27

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы өсүшү ыктымал. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Россиядагы мунай базарында баа улам рекорд жаңылап жатат. Себептери:
- жайкы сезондук муктаждыктын жогорулашы;
- дрон чабуулдарынан улам айрым заводдордо оңдоо иштери жүрүшү;
- өндүрүш көлөмүнүн азайышы.
Ушундан улам июль айынан тартып Кыргызстанда бензин жана дизель акырындык менен кымбаттап келүүдө.
Ассоциация өкүлдөрү негизги милдет рынокто күйүүчү майдын тартыштыгына жол бербөө экенин белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар