Ысык-Көлдүн жээгин тазалаган. Садыр Жапаров россиялык экоактивистке унаа белек кылды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды ыктыярдуу тазалап жүргөн экоактивист Андрей Панаевди кабыл алып, ага унаа белек кылды. Бул тууралуу президенттик Администрация кабарлады.
Мамлекет башчысы Панаевдин аракетин интернеттен көрүп, ага ыраазычылык билдирүү туура деп эсептегенин белгиледи. «Сиздин ишиңиз көпчүлүк үчүн үлгү. Экологиянын, табияттын чек арасы жок. Жер жүзү бир аба менен дем алат, ар бир адам сендей иш кылышы керек. Биз экологияны таза сактап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз зарыл. Сен азаматсың!» — деди Жапаров.
Андрей Панаев Кыргызстанга 2024-жылы эс алууга келип, Ысык-Көл жээгиндеги таштандыларды тазалап баштаганын, ал аракет аркылуу башкаларды тазалыкты сактоого чакырганын айтып берди. Панаев Кыргызстанды “менин үйүм” деп эсептеп, өлкөдө туруктуу калыш чечимин кабыл алган.
Ошондой эле, Панаев президенттин таштанды терүү жана тазалыкты сактоого чакырган видеолорун көргөнүн айтып, бул иш-аракет башкалар үчүн үлгү болуп жатканын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров: «Кыргыз элинин, ыктыярчылардын жана экоактивисттердин атынан унаа белек кылам», — деп, ата мекендик өндүрүштөн чыккан унаанын ачкычын Андрей Панаевге тапшырды.