Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Өкмөт эмгек мигранттарына бериле турган квотаны көбөйттү
25.08.2025 | 13:55

Өкмөт 2025-жылга карата Кыргызстанга иштөө үчүн келген чет элдиктерге бериле турган квотанын санын көбөйттү. Бул тууралуу “Токтом” маалымат-укуктук порталына жарыяланды.
Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-августундагы №710 токтомуна ылайык, 2025-жылга Кыргызстанга келген чет элдик жарандар менен жарандыгы жок адамдарга берилген квота 42 миңге чейин көбөйтүлдү. Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт эмгек миграциясы үчүн бериле турган квотанын максималдуу саны 25 миң деп бекиткен болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: эмгек миграциясы