Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок – Ташиев

25.08.2025 | 16:53

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, мурда уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү райондордо «крыша» болуп жүргөн учурлар болгон. Маселен, Кадыр Досоновдун («Женго») тобунун мүчөсү Казак Өзгөн районунда “крыша” катары таанылган. «Азыр андай көрүнүштөр жок», — деди ал.

«Эгер күтүлбөгөн жерден өздөрүн “крыша” же “положенец” деп атаган бандиттер баш көтөрө баштаса, эң катаал чараларды көрөбүз. Мен жеке өзүм бул күрөштүн башында турам. Артымда улуттук коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, прокуратура жана сот турат. Уюшкан кылмыштуу топторду чогуу жоготобуз», — деп белгиледи Ташиев.

Ал кошумчалагандай, коңшу мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда гана уюшкан кылмыштуу топтор жок. Бирок эгер мындай көрүнүш кайра жандана турган болсо, тиешелүү органдар ыкчам чараларды көрөрүн билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top