КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
«Сапаттын» үч мектеби Агартуу министрлигине өткөрүлүүдө
25.08.2025 | 16:18

«Сапат» билим берүү мекемелер тармагына таандык үч мектеп Агартуу министрлигине өтүп жатат. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева «Биринчи радиого» билдирди.
Анын айтымында, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт жана мектептер кадимки тартипте ишин улантат. Учурда үч мектептин экөөсү расмий өткөрүлүп берилген, ал эми бир мектеп боюнча юридикалык тактоолор жүрүүдө.
Кендирбаева жаңы окуу жылы аталган мектептерде кадимки режимде башталарына ишендирди.
Эске салсак, өткөн жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Эдил Байсалов «Сапат» билим берүү мекемелер тармагын Түркиянын «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар