Кыргызстандык кургатылган жемиш өндүрүүчүлөр Арменияда тажрыйба топтошту

Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын кургатылган жемиш өндүрүүчүлөрү Арменияга сапар менен барып, тажрыйба топтошту. Бул тууралуу Эл аралык соода борбору билдирди.
Иш-чара Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Ready4Trade Central Asia долбоорунун алкагында Эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан уюштурулган.
Программанын алкагында катышуучулар Армениядагы Vita Fruct, Sun Cheers, Donos, Armavir Fruit, Mc.Delice жана Artin Chir ишканаларына барышып, ал жакта кургатылган жемиштерди ферментациялоо, кайра иштетүү, кургатуу, сертификациялоо жана таңгактоо боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен таанышышкан. Ошондой эле кургатуу технологиялары жана бизнес-процесстерин изилдеп, экспорт маселелерин талкуулашкан жана армениялык кесиптештер менен тажрыйба алмашышкан.