11-февралдан тарта ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды милдеттүү түрдө колдонуу тартиби киргизилетЫсык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөтКыргызстанда 2030-жылга чейин Орусиянын катышуусу менен өзөктүк медицина борборун куруу пландалуудаФермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн «i-Dyikan» платформасы ишке киргизилетТөө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалды
Бишкекте пенсионерлер жана майыптыгы барлар үчүн алгачкы социалдык дүкөн ачылды
26.08.2025 | 13:44

Борбор калаада пенсионерлер менен майыптыгы бар жарандар үчүн арзан баада азык-түлүк саткан алгачкы «Евразия» социалдык дүкөнү өз ишин баштады. Дүкөн Токтогул көчөсү, 146/1 дарегинде жайгашкан.
Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул калаа үчүн жакшы демилге экенин белгилеп, мындай иштерди улантуу зарылдыгын айтты:
«Бул багыттагы иштер жигердүү уланып, жыйынтыгын көрөбүз деп ишенем», — деди ал.
Белгилей кетсек, социалдык дүкөндөрдү ачуу демилгеси “Евразия” уюму менен түзүлгөн меморандумдун алкагында ишке ашууда. Уюмдун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова дагы бир нече ушундай дүкөн ачылаарын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар