Бишкекке Asman Airlines компаниясынын үчүнчү учагы келет

28.08.2025 | 15:36

Жакынкы күндөрү Asman Airlines авиакомпаниясынын үчүнчү учагы Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» компаниясы кабарлады.

Кыргызстан ички каттамдарды өнүктүрүү үчүн Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү төрт учак сатып алуу чечимин кабыл алган. Алардын биринчиси 2024-жылдын 6-сентябрында Бишкекке конгон, экинчиси болсо ошол эле жылдын 29-октябрында келген.

Канадада чыгарылган бул аба кемелери кыска аралыкка учууга ылайыкташкан жана 80 жүргүнчүнү ташый алат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top