Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында айрым көчөлөр жабылат
29.08.2025 | 10:28

Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана конокторуна Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабыларын эскертти.
Мэриянын маалыматында, бүгүн, 29-августта Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар ачылыштар жана иш-чаралар өтөт. Буга байланыштуу шаар аймагында айрым көчөлөр убактылуу жабылды. Ошондой эле оор жүк ташуучу унааларга бүгүн шаар ичинде жүрүүгө тыюу салынды.
Мэрия жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ош шаары