Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулатПрезиденттин тапшырмасы менен Камчыбек Ташиев Мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда калатСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисин дайындадыИш берүүчүлөргө «Жаштар стажировкасы» аркылуу жаш адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдүЖапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 жол техникасын берди
Эгемендүүлүк майрамына карата өлкөдө 115 жаңы объект ишке берилет
29.08.2025 | 11:20

Кыргызстанда 31-августка карата 115 социалдык жана инфраструктуралык объект элге пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен 100 объектти ишке киргизүү пландалган, бирок курулуш жана капиталдык оңдоо планы ашыгы менен аткарылган.
Ачылган объектилердин катарына:
- 63 мектеп,
- 19 бала бакча,
- 11 саламаттыкты сактоо мекемеси,
- 13 спорттук объект,
- 3 маданий объект,
- 6 башка социалдык курулуш кирет.
Бул максаттарга республикалык бюджеттен 10 миллиард сомдон ашык каражат жумшалды.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2025-жылдын аягына чейин дагы 100дөн ашык социалдык жана инфраструктуралык объектти ишке берүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар