Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлөт
29.08.2025 | 15:17

Министрлер кабинети 2025-жылдын 1-октябрынан тартып мамлекеттик пенсияларды индексациялоо чечимин кабыл алды.
Токтомго ылайык:
- 50 миң сомдон төмөн пенсиялар 1,10 коэффициенти менен индексацияланат;
- Жаңы дайындалган пенсиялардын өлчөмү 7 миң 100 сомдон төмөн болбойт (пенсиянын базалык бөлүгүн эске алуу менен);
- Пенсияларды кайра эсептеп, убагында төлөө милдети Социалдык фондго жүктөлдү;
- Каржылоо республикалык бюджеттен камсыздалат.
Документ 2025-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар