Шайназаров: БШК Жогорку Кеңештин мөөнөтсүз шайлоосуна даяр

02.09.2025 | 15:10

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров парламенттик комитеттин жыйынында БШК Жогорку Кеңештин мөөнөтсүз шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин жыйынында 2024-жылда БШК тарабынан аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып, Шайназаров төмөнкүлөрдү белгиледи:

  • Жогорку Кеңештин мөөнөтсүз шайлоосун парламент өзү дайындайт.
  • БШК шайлоону өткөрүүдө оперативдүү иштеп, жаңы мыйзамга толук шайкеш өнөктүк өткөрүүгө даяр.
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top