Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Бишкекте эркек киши бир жыл мурун жоголгон жарандык никедеги аялын өлтүргөнүн моюндады
10.09.2025 | 11:42
2024-жылдын 21-июнунда Свердлов райондук ИИБге 61 жаштагы аялдын үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Милиция кызматкерлери аны издөөнү башташкан.
Бир жылдан кийин, тактап айтканда, 2025-жылдын 13-августунда ыкчам кызматкерлер аялдын дайынсыз жоголушуна анын жарандык никедеги күйөөсүнүн тиешеси бар экенин аныкташкан. Ал милиция бөлүмүндө аялды өлтүргөнүн моюнга алып, өзүнүн короосунда анын сөөгү көмүлгөн жерди көрсөтүп берген.

Милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн жерди казып, чаар сумканын ичиндеги аялдын сөөгүн табышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар