Кыргыз улуттук драма театрынын 100 жылдыгына карата атайын мастер-класстар өтөтТажрыйба алмашуу, каттамдарды өнүктүрүү: «Манас» жана «TRIWO Hahn» аэропорттору кызматташатБорбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаны алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
Токмоктогу жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 3 адам ооркунада
10.09.2025 | 11:29

Чүй облусунда Токмок—Кошой жолунда кечээ, 9-сентябрда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 19:30дар чамасында Toyota Wish менен Subaru Ascent унаалары кагышкан. Натыйжада Toyota Wish’тин айдоочусу, 1993-жылы туулган эки жүргүнчү, 2014-жылы туулган наристе жана өздүгү тактала элек бир адам окуя болгон жерде каза болгон.
Дагы үч жүргүнчү оор абалда Чүй районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Subaru Ascentтин айдоочусу Чүй райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылды.
Кырсыктын себеби такталып жатат.