Кыргызстан менен германиялык KUNA e.V. ассоциациясы миграциялык саясат жаатында кызматташат

10.09.2025 | 15:10

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Германиянын KUNA e.V. коммерциялык эмес ассоциациясынын төрагасы Наталья Нейман менен жолугушту. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын адамдык потенциалын өнүктүрүү, эмгек укуктарын коргоо жана миграциялык саясат жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашкан.

Сүйлөшүүлөрдө Германиянын мигранттарды интеграциялоо жана алардын адаптацияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү практикасына өзгөчө көңүл бурулган.

Ошондой эле Кыргызстанда дуалдык билим берүүнүн немис моделин киргизүү жана немис тили боюнча программаларды кеңейтүү перспективалары талкууланган. Соода-өнөр жай палатасы бул квалификациялуу кадрларды даярдоо жана жаштардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.

Scroll to Top