КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Ошто эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрө курулууда
10.09.2025 | 14:30

Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн үстүнөн өтүп, Айтиев жана Күгүн бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Осмонов көчөсү Барсбек кагандын эстелиги жайгашкан айлампадан тарта Касымбеков көчөсүнө чейин кеңейтилет. Эки тилкелүү трасса алты тилкеге чейин кеңейет.
Ошондой эле, айлампадагы Барсбек эстелигин Касымбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине көчүрүү маселеси каралууда. Мэр Жеңишбек Токторбаев билдиргендей, аталган кесилиштеги май куюучу жай алынып, ордуна Барсбек атындагы сквер курулуп, эстелик ошол жерге коюлат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом