Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 16-мартта саат 05:54тө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.