Нарындагы тарыхый Таш-Рабат кербен сарайын оңдоп-түзөө иштери башталды

11.09.2025 | 17:44

Нарындын Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо, реставрациялоо жумуштары башталды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда табигый таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турган кербен сарайды сактап калуу максатында “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тарабынан тендер жарыяланып, комплекстүү илимий изилдөө жана реставрация жумуштары аткарылууда.

Министрлик Таш-Рабат кербен сарайында өткөн кылымдын 70-80-жылдарында акыркы реставрациялоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Кошумчалай кетсек, аталган тарыхый-маданий мурас объектиси 2024-жылдан тартып Маданият министрлигинин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын карамагында болгон.

Scroll to Top