Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Коргоо ордерине карабай, жубайына зомбулук көрсөткөн. Бишкекте 49 жаштагы жаран кармалды
12.02.2026 | 14:18

Бишкекте жубайын системалуу түрдө сабап, моралдык зомбулук көрсөтүп келүүгө шектелип жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
Свердлов райондук милициясына М.Д. аттуу келин кайрылып, жолдошу узак убакыттан бери ага байма-бай физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүп келгени билдирилген.
Милициянын маалыматында, шектүүгө буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча бир нече жолу коргоо ордерлери берилген. Бирок буга карабастан, ал физикалык жана моралдык зомбулук аракеттерин токтоткон эмес.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Натыйжада 49 жаштагы М.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар