Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт
14.09.2025 | 16:40

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 16–18-сентябрында өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт.
Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоо этектеринде жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот.
Абанын температурасы төмөндөйт:
- Чүй өрөөнү: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +17…+22°
- Талас өрөөнү: түнкүсүн +2…+7°, күндүз +15…+20°
- Ош, Жалал-Абад, Баткен: түнкүсүн +9…+14°, күндүз +20…+25°
- Ысык-Көл ойдуңу: түнкүсүн +4…+9°, күндүз +15…+20°
- Нарын облусу (дыйканчылык аймактар): түнкүсүн +2…+7°, күндүз +16…+21°
- Тоолуу райондор: түнкүсүн 0…+5°, күндүз +9…+14°
- Бийик тоолуу райондор: түнкүсүн –9…–14°дан 0°гө чейин, күндүз +1…+6°
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 м/с, айрым жерлерде 15–20 м/с чейин жетет.
ӨКМ туруксуз аба ырайы автотранспортко, байланыш тармагына, энергетика жана коммуналдык кызматтарга, ошондой эле жайыттарда мал кармоого тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом