Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Ош–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылды
14.09.2025 | 17:00

Ош–Баткен–Раззаков автожолунун 47-75-чакырымындагы 28 чакырымдык бөлүгү толугу менен асфальтталып, пайдаланууга берилди.
Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлагандай, жолдун ачылышына министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Маалыматка ылайык, жолдун эки тилкелүү курулуш иштери ушул жылдын март айында башталып, бүгүн унаа каттамы үчүн ачылды. Учурда тротуар, жол чырактары, жол белгилери жана чийиндерди орнотуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, 2024-жылы аталган жолдун башка 6 чакырымдык аралыгы жана 3 көпүрө толук бүтүп пайдаланууга берилген эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом