Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Бир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталды
15.09.2025 | 11:53

Кыргызстанда 9-сентябрдан 14-сентябрга чейинки аралыкта 24 220 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Анын ичинен:
- тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 1 660;
- мас абалында айдоо – 342;
- терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу – 186;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан эреже бузуулар – 1 100;
- автоунааны пайдалануу эрежелерин бузуу – 3 942;
- авто ээнбаштык – 23;
- ылдамдыкты ашыруу – 3 461;
- жалган номер менен айдоо – 2;
- башка эреже бузуулар – 11 020.
Мындан тышкары, ар кандай мыйзам бузуу үчүн 2 484 унаа айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом