Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Айыл чарба министрлиги кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү каалагандарга колдоо көрсөтөт
15.09.2025 | 11:16

Айыл чарба министрлиги кунарсыз жерлерди өздөштүрүп, бак өстүрүүнү каалаган дыйкан-фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.
Министрликтин маалыматында, мындай жерлерди бакка өздөштүрүү боюнча атайын программа дагы бар.
Программанын алкагында дыйкан-фермер асылдуулугу төмөн жердин аймагын так аныктап, ал жерге кандай жана канча көчөт отургуза тургандыгын, ошондой эле жерди кантип сугара тургандыгын чечсе, анда министрлик бардык маселесин жана көйгөйүн чечип берүүгө жардамдашат.
“Кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жана пайдалануу өлкөнүн айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Андыктан, кунарсыз жерди өздөшүрөм деген дыйкан-фермерлер министрликтин дарегине ишенимдүү кайрылса болот”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом