Тынчтык Шайназаров: Бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алат

Бүгүн, 15-сентябрда, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров БШКнын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Анда ал шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү тапшырган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында төрага бир шайлоочу ар бир көп мандаттуу шайлоо округунда көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере алат деген маалыматты элге жеткирүү зарылдыгын белгилеген.
“Калктын арасында 30 көп мандаттуу округдун ар биринен үч депутат шайланат, демек бюллетенде жалпы талапкерлердин ичинен үчөөнө белги коюу керек, деген туура эмес түшүнүк болууда. Ар бир шайлоочу бюллетенде бир эле талапкерге белги коё алат. Болбосо, бюллетень жараксыз деп табылат”, – деп түшүндүргөн Шайназаров.