Кыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталдыДин, тил жана биримдик: Кыргызстанда 2030-жылга чейинки жаңы улуттук программа сунушталуудаБишкекте швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» оркестринин музыкалык парады өтөтСадыр Жапаров АӨКЧМдин жетинчи саммитине катышуу үчүн Бакуга барды«Манас» аэропортунун аймагында ири экспо-борбор курулат
Жапаров: Кыргыз эли Катар жана Палестинанын боордош элдерге тилектештигин билдирет
15.09.2025 | 14:35

Президент Садыр Жапаров Ислам академиясынын ачылышында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга комментарий берди.
«Бүгүн Доха шаарында шаарга жасалган акыркы ракеталык соккуга жана Газа тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу араб мамлекеттеринин чукул саммити өтүп жатат. Кыргыз эли Катар жана Палестинанын боордош элдерине тилектештигин билдирет», – деди ал.
Президенттин айтымында, Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келүүчү ар кандай аракеттер кабыл алынгыс экенин белгилейт.