Чүй облусу экономикалык лидерлик статусун бекемдеди: өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355 млрд сомго жеттиӨзбекстандын экономикасы 2026-жылы 7 пайыздык деңгээлде өсөрү болжолдонуудаДепутат Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоону күчөтүүнү сунуштадыЭртең эртең менен Кыргызстанга Омандан алгачкы эвакуациялык каттам келет«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жандантты
Казакстанда чет өлкөлүктөрдү реалдуу убакытта көзөмөлдөө системасы иштелип чыгууда
16.09.2025 | 16:31

Казакстанда өлкөгө кирген чет өлкөлүк жарандардын кыймыл-аракетин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген жаңы санариптик платформа иштелип чыгууда. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Игорь Лепеха өкмөттөгү брифингде билдирген.
Анын айтымында, бул система ишке кирсе, чет өлкөлүк жаран мамлекеттик чек арадан өткөн учурдан тартып, анын өлкөдө жүрүүсү толугу менен санариптик түрдө көзөмөлдөнүп турат.
“Биз анын кирген учурдан тартып бардык кыймылын көрүп турабыз. Учурда система иштелип чыгууда”,- деген Лепеха.
Учурда Казакстанда чет өлкөлүк жарандарды көзөмөлдөө «Беркут» эсепке алуу системасы аркылуу жүргүзүлөт. Казак бийлиги жаңы система өлкөдөгү коопсуздукту жогорулатат деп билдиришүүдө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар