Кыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырдыЖапониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгышты
Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
16.09.2025 | 16:00

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ИИМдин Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматы менен биргеликте Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) тергөөчүсүн пара талап кылып жаткан жеринен кармады.
Маалыматка ылайык, РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты К.Б.А. кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан 150 миң сом өлчөмүндө акча опузалаган.
2025-жылдын 14-сентябрында ал 50 миң сом алып жаткан учурда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.