«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына барды
ИИМ: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндары токтотулду
17.09.2025 | 16:15

Бишкек шаарында мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар кумар оюндарын өткөрүү үчүн бир күндүк батирлерди ижарага алып иш жүргүзүшкөн.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз кумар оюндарын өткөргөн даректер жана аны уюштурган жарандар аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлдү.
Соттун чечими менен 2000-жылы туулган М.Б., 1989-жылы туулган К.Э., 1981-жылы туулган Т.Ю., 1987-жылы туулган С.Г. жана 1994-жылы туулган И.Ж.га карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды. Тергөө уланууда.