Эльвира Сурабалдиева «өнөктөш төрөт» практикасын кайтарууну сунуштады

17.09.2025 | 19:30

Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева саламаттык сактоо министрине «өнөктөш төрөт» практикасын кайра киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, бул практика акыркы 30 жыл ичинде кайталанып, кээде киргизилип, кээде токтотулуп келген. Депутат өлкөдөгү төрөт үйлөрүндөгү коррупцияны жеңе электигин белгилеп, психологиялык жардам катары эжеси же апасы төрөт учурунда катышса жакшы болмок экенин айтты. «Муну аялдар өздөрү суранып жатат», — деди Сурабалдиева жана министрликтен өтүнүчүн карап чыгууну өтүндү.

Scroll to Top