«Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси: Быйыл түштүк аймакта эки көмүр кени ачылды

Быйыл түштүк аймакта эки көмүр кени ачылып, учурда аны ишке киргизүү үчүн документ иштери бүткөрүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААКнын башкы директору Кайрат Маматов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, көмүрдүн негизги көлөмү «Кара-Кече» кенинен алынат. Ал Бишкек ЖЭБин жана түндүк аймактардагы калкты камсыз кылат. Өткөн жылы болжол менен 1,5 млн тонна көмүр казылып, анын жарымы ЖЭБке жөнөтүлүп, калганы Чүй облусуна, Бишкекке, Нарынга жана Ысык-Көлгө бөлүштүрүлгөн. Эки жылдан бери көмүр түштүк аймактарга да жеткириле баштаган.
“Быйыл ишкана көмүр казуунун көлөмүн көбөйттү. Түштүк аймактарында жаңы эки көмүр кени ачылды. Алар: Беш-Буркан жана Кожокелең кендери. Бирок аларды ишке киргизүү үчүн документтерди жана экспертизаларды аяктоо керек. Антимонополия кызматы бааларды бекиткенден кийин түштүк аймакка көмүр берүү башталат”, – деп билдирди Кайрат Маматов.
Ошондой эле анын айтымында, Жалал-Абад облусунда жаңы социалдык көмүр сатуучу пункттар ачылууда. Өткөн жылы өлкө боюнча 75 социалдык пункт иштеген болсо, быйыл алардын саны 80ге жакын болот.