Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
Бишкекте Лев Толстой менен Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
18.09.2025 | 14:57

19-сентябрдан 22-сентябрга чейин борбор калаадагы Лев Толстой менен Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун каттамдарды алдын ала пландаштырып алууга чакырып, убактылуу ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом