Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуПрезиденттике дагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга арыз бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттери
Бишкекте Лев Толстой менен Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
18.09.2025 | 14:57

19-сентябрдан 22-сентябрга чейин борбор калаадагы Лев Толстой менен Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун каттамдарды алдын ала пландаштырып алууга чакырып, убактылуу ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом