КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Борборду Манаска көчүрүү маселесин саясатчылар эмес, эл чечет – Ташиев
18.09.2025 | 15:07

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда жаңы борбор калаа маселеси көтөрүлсө, аны эл гана референдум аркылуу чечиши керек экенин билдирди.
Анын айтымында, азырынча жетекчилердин да, саясатчылардын да күн тартибинде борборду көчүрүү маселеси жок. Бирок Манас шаары өлкөнүн борбору болуп калса жакшы болоорун белгиледи.
Ташиевдин сөзүнөн:
- «Бул маселени кайсы бир саясатчы же жетекчи эмес, эл чечиши керек».
- «“Манас шаарын Кыргыз мамлекетинин борбору кылууга макулсузбу?” деп референдум койсо, жыйынтыкты эл өзү чыгарат».
- Эгер эл макул болсо борбор көчүрүлөт, макул болбосо азыркы бойдон калат.