Шайлообек Атазов сот аны толугу менен актаганын билдирдиКыргызстанда бир вакансияга 18 адам талапкер болууда — headhunter.kg маалыматыБишкектеги концерттен кийин рэпер Navai Казакстан менен чек арада кармалдыАйрым аймактарда жаан жаайт: 15-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Чехия Бишкек — Прага түз аба каттамын ачуу маселесин талкууладыНарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылды
Улуттук бренддер Малазиядагы «MIHAS 2025» көргөзмөсүнө катышты
18.09.2025 | 15:26

Кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары Малазиядагы дүйнөдөгү эң ири аянтчалардын бири болгон «MIHAS 2025» көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.
Аталган көргөзмө MITEC эл аралык соода-көргөзмө борборунда өтүп, ага дүйнөнүн миңдеген өндүрүүчүлөрү, дистрибьюторлору жана эксперттери катышкан. Кыргызстандан «Шоро». «Бал Аары», «ASSA Group», «Кайнар Айскрим», «Салих ЛТД», «Адал Азык» ишканалары жана «Айбарс» бренди катышкан.
Аталган ишканалар иш-чарага «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин колдоосу менен катышып, жаңы бизнес байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.