Москвадагы ВДНХдагы «Кыргызстан» павильонуна 1 жылда 370 миңдей киши барды

Москвадагы Бүткүл россиялык элдик чарба көргөзмөсүндөгү (ВДНХ) «Кыргызстан» павильону ачылганына бир жыл толду. Бул убакыт ичинде ал жерге 370 миңге жакын киши барганын көргөзмө комплексинин администрациясы билдирди.
Тарыхый имарат 2024-жылдын 19-сентябрында кеңири реставрациядан кийин ачылган. Учурда павильондо Кыргызстандын көргөзмө-соода борбору жайгашып, конокторго жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукциялары, сувенирлер, идиш-аяктар, этникалык стилдеги сүрөттөр жана дизайнерлердин кийимдери сунушталууда. Ошондой эле кыргыз тамак-аш азыктары да сатылат.
Маалымат үчүн: имарат 1954-жылы курулуп, федералдык маанидеги маданий мурас объектиси болуп эсептелет.
Эске салсак, эртең, 19-сентябрда, «Кыргызстан» мейманканасында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ырыскелди Осмонкуловдун концерти өтөт.