Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Ташкентте аял үч баласы менен терезеден секирип кеткен
19.09.2025 | 10:05

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, Ташкенттин Сергели районунда аял үч кичинекей баласы менен көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулап каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Окуя 3-апрелде саат 19:20 чамасында 8-кварталындагы №77 имаратта болгон. Маалыматка ылайык, 1996-жылы туулган Д.А. аттуу аял эки уулун (2018 жана 2019-жылы туулган) жана бир кызын (2022-жылы туулган) терезеден ыргытып, андан соң өзү да секирип кеткен.
Натыйжада төртөө тең көз жумду.
Башкы прокуратура бул факты боюнча «атайылап киши өлтүрүү» беренеси боюнча териштирүү жүрүп жатканын жана окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирген.