Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатында коло медаль утту
19.09.2025 | 09:50

Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду.
Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлагандай, Нуртаева 1/8 финалда казакстандык көп жолку чемпион Жамиля Бакбергенованы упайдын сапаты боюнча 3:3 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда америкалык Александрия Глотту 8:4 эсебинде жеңип, жарым финалда украиналык Алла Белинскаяга утулуп калган.
Үчүнчү орун үчүн таймашта кыргыз балбаны Франция өкүлү, Европа чемпионатынын үч жолку байге ээси Полин Лекарпантьени 5:0 эсебинде таза жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалын багындырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт