Дастан Бекешев ноутбуктарды таратуу аземинде мугалимдерге кайрылуу жасады

19.09.2025 | 10:35

Ноутбуктарды таратуу аземинде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мугалимдерге кайрылып, алардын жумушуна баа берди.

«Депутаттарга окуу китептери жетишпей, класстар толуп жатат, 1-2-класстын балдары үчүн мугалимдер жетишпей жатат деп айтып жатышат. Бул мектептин күнөөсү эмес. Тескерисинче, сиздер бүгүнкү реалдуулукка ыңгайлашууга аракет кылып жатасыздар», – деди Бекешев.

Ал мугалимдерге чыдамкайлык, бекем ден соолукту каалап, «10 жылдан кийин окуучулар бүткөндө бири-бирибизге телефон чалып, «12 жылдык мектеп ийгиликтүү өттү» деп айтышыбызды каалайм» деди.

Депутат сөзүндө «Мен кимдир бирөөнүн мүдүрүлүшүн каалабайм, баарыбыздын ийгилигибизди каалайм» деп кошумчалады.

Scroll to Top