Бишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды
Оштун Кең-Сай конушуна электр энергиясын жеткирүүнүн 1-этабы ишке кирди
19.09.2025 | 10:25

Ош шаарынын Кең-Сай конушунда электр энергиясын тартуу иштеринин алгачкы этабы башталды.
Мэриянын маалыматында айтылгандай, жаңы 6300 кВт кубаттуулуктагы трансформатор алынып келинип, орнотулду.
Иштин жүрүшүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеринен көрүп чыкты. Мэрдин демилгеси менен 10 жыл мурун курулуп баштаган, бирок ара жолдо токтоп калган электр подстанциясын ишке киргизүү боюнча маселе кайрадан жанданды.
Эскерте кетсек, өткөн аптада конушту сугат суу менен камсыз кылуучу станция ишке берилген. Жергиликтүүлөр ушул жылдын аягына чейин толук электр энергиясы менен камсыз болушат.